Ош шаарында киши өлтүрүүгө шектелип 3 аял кармалды

680

Акыркы 5 күндүн ичинде Ош шаарында 3 оор кылмыш катталды. Анын баары аялдар тарабынан жасалганы маалым болду. Биринчи окуя 17-апрелде 41 жаштагы аял күйөөсү менен уруша кетип, бурама менен көкүрөгүнө сайган. Алган жаракатынан улам, жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы чыр — кызганычтан улам чыккан. Кийинки окуя 2 күндөн кийин катталып, мында 45 жаштагы аял өз апасын бычактап өлтүргөн.

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, экөөнүн ортосундагы чатак акчанын айынан улам болгон. 22-апрелде Ош шаарындагы Учар айылынын үстүндө жайгашкан дачалардын биринен 22-апрелде бир адамдын өлүгү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол дачанын ээси 41 жаштагы аял кармалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.