Ош шаарында майыптар үчүн курулган турак-жай мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн

835

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлагандай, былтыр Түштүк борбордун «Анар» кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн мүмкүнчүлүгү чектелген 66 адамга батир берилген. Бирок алардын сегизи турак-жайы жоктугу тууралуу документ жасатып алган. Ал эми 32 адамдын батирлер берилгенге чейин Ош, Жалал-Абад областтарында жана Бишкек шаарында үйлөрү болгону аныкталды.

Мындан тышкары, үчүнчү топтогу 9 майыпка батирлер мыйзамсыз берилген. Анткени турак-жай кодексине ылайык, квартиралар биринчи жана экинчи топтогу майыптарга кезексиз берилиши керек болчу. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы мындай мыйзам бузууларды мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн териштирүүнүн жүрүшүндө таап чыккан.

Бул ишке Ош шаардык мэриясынын жана турак-жай, тиричилик комиссиясынын жооптуу адамдарынын тиешеси бар экени айтылууда. Аныкталган фактынын негизинде Ош шаардык прокуратурасы бир нече берене боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.