Ош шаарында өрттүн кесепетинен 1 адам каза болду

605

Ош шаарында тилсиз жоонун кесепетинен 80 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Моминов көчөсүндөгү үйдө болгон. Үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу жана төшөнчүлөрү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1938-жылы туулган аял түтүнгө ууланып каза болгон.

Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.