Ош шаарында өз автоунаасында милиция кызматкеринин сөөгү табылган

903

27-апрелдин түн ортосунда Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнүн сөөгү табылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Жанында табелдик куралы болгон жана автоунаасы ичинен бекитилген. Тергөөнүн алдын ала маалыматында ал өзүн өзү атып өлгөнү айтылууда. Ош ШИИБси бул факт боюнча дыкат иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Маркум ички иштер органдарында 2004-жылдан бери кызмат өтөп келген. Кара-Суу районунда туулганы, үйлөнө электиги маалым болду.