Ош шаарында полго төшөлгөн туунун сүрөтү боюнча жаңжал чыкты

891

Ош шаарында мамлекеттик туу тебелеп-тепселип, курулуш иштерине пайдаланылганы боюнча жаңжал чыкты. Сулайман-Тоо музей комплексинин мурдагы кызматкери Ашыралы Маразыков аттуу адам маданият жайдын жер төлөсүн оңдоо учурунда желек таштанды топтош үчүн жерге төшөлгөнүн айтып, сүрөтүн интернетке жайгаштырган. Ал өлкөнүн мамлекеттик символуна мындай терс мамиле жасалганы үчүн архитектуралык музейдин жетекчилигин жоопко тартууну талап кылды.

Маданий-тарыхый жайдын азыркы директору Абыкайым Кангелдиевдин «Азаттыкка» берген интервьюсунда полго төшөлгөн туунун окуясы ага чейинки жетекчилик учурунда болгонун билдирген. Анын айтымында, желекке байланыштуу жаңжалды иштен кеткен кызматкер жеке таарынычынан улам жаратууда. Бирок сүрөттө туу чындыгында эле жерге жайылып, курулуш ишине колдонулуп жатканын так-даана көрүүгө болот.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик символду өрттөгөндөр, жырткандар жана башка туура эмес нерселерди жасагандар жоопкерчиликке тартылат.