Ош шаарында Сирияда согушкан деген шек менен 20 жаштагы жаран кармалды

832

Ош шаардык милициясы кабарлагандай, 1997-жылы төрөлгөн Жавохир аттуу адам, 2016-жылы Россия аркылуу Сириядагы согуштук аракеттерге жөнөп кеткен. Ал жакта «Жамаат Таухид ва Жихад» деп аталган эл аралык террористтик топтун катарында «Мустафа» каймана ысымы менен согушкан.

Милициянын маалыматы боюнча, ал, 13-июль күнү Стамбул-Бишкек авиакаттамы аркылуу өлкөнүн аймагына кирген. Ал 26-август күнү кармалып, жашаган жерин тинтүүдө курал-жарак жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды камтыган адабият, СD-дисктер табылган.

Учурда алар теологиялык экспертизага жөнөтүлүп, шектүү жаран болсо камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.