Ош шаарында жол кырсыгында өспүрүмдөр жабыркады (видео)

564

Ош шаарында катуу ылдамдыкта келе жаткан жеңил унаа өз жолунан чыгып кетип, кичи автобусту барып сүздү. Маршруттук унаанын терезеси талкаланып, ичинде бараткан бала сыртка ыргып кеткен. Жол кырсыгында 4 киши жабыркады. Алардын абалы азыр жакшы.

Жол инспекторлорунун айтымында, жеңил автоунаа кагылышкандан кийин дагы 100 метрдей барып токтогон. Авариядан эки автоунаа тең катуу жабыркаган. Коомдук унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн көбү мектеп окуучулары болгон.