Ош шаарындагы ифтар базары жабылабы? (видео)

2538

Ош шаарындагы ифтар базары жабылышы керек. Мындай талапты шаардагы санитардык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери коюшууда. Ифтар базары түштүк борбордо рамазан айында гана иштеп, орозо айында суроо-талап жогору тамак-аштар сатылат. Бирок дарыгерлер бул жерди антисанитардык абалда деп табышкан. Ал эми жергиликтүү бийлик чоң жолдун жанында жайгашкан базардын айынан унаалардын тыгыны пайда болуп жатканын айтууда. Мындан улам, сатуучуларга базарды жабуу тууралуу эскертүү берилди. Бул талапка баш ийбегендерге 1 000 сомдон 10 000 сомго чейин айып салынмакчы.