Ош шаарындагы кооптуу турак-жай (видео)

739

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген көп кабаттуу үйдүн дубалдарынан жарака кетип, турак-жайдын пайдубалы чөгө баштады. Бул тууралуу ал үйдүн жашоочулары билдиришти. Турак-жай 6 жыл мурда эле аймактагы көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө өкмөт тарабынан берилген.

Аны Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын буйрутмасы менен жеке ишкана курган. Тургундардын айтымында, көчүп киргенден 2 жыл өтпөй эле үйдүн жер төлөөсү чөгүп, дубалдарынан жарака кете баштаган. Учурда үйдүн жашоочулары өз өмүрлөрү үчүн кооптонушууда.