Ош шаарындагы үйдүн дубалы кыйрап, бир адам каза болду

627

Ош шаарындагы Памир көчөсү 65 дарегинде орун алган үйдүн бир дубалы көчүп түштү. Натыйжада курулушта иштеп жаткан жалданма жумушчулардын бирөө каза болду, жабыркаган бир адамды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин айтымында, үйдүн пайдубалына жакын жерде канализация казуу иштери жүргүзүлүп жаткан. Натыйжада үйдүн дубалына доо кетип, жумушчуларды басып калган.