Ош шаарынын борбордук аянты 2 айга жабылды (видео)

1462

Ош шаарынын борбордук аянты 2 айга жабылды. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынан билдиришти. Мындай чечим капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталганына байланыштуу кабыл алынган. Мэриянын маалыматы боюнча, башкы аянтты оңдоо иштерине Кытай өкмөтү 27 миллион сомго жакын бөлүп берди. Курулушту Кытайдын “Чайна-Роуд” компаниясы жүргүзөт экен. Каражат — кайтарымсыз жардам иретинде бөлүнгөнү айтылууда. Ошондой эле, жардам берүүнү Кытай тарап өзү сунуш кылыптыр. Ош шаардык мэриясы бөлүнгөн каражат аянтты толугу менен асфальттоого, четиндеги тратуарларды жаңылоого, арыктарды оңдоого кетээрин айтууда.