«Ош-Таатан» соода комплексинин аймагынан майнинг-ферма аныкталды

2790

Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынан билдиришти. Маалыматтарга ылайык, майнинг-ферма «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери жана финполициянын өкүлдөрү тарабынан «Ош-Таатан» соода комплексинин аймагынан табылган. Анда бардыгы 300 видеокарта жана 1300дөн ашуун жабдуу табылган.

Азыркы тапта майнинг-фермага электр энергиясын берүү токтотулду. Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда чет элдик 45 майнинг-ферма иштеп, алар өлкөнүн 3 областын сарптай турган көлөмдөгү электр кубатын пайдаланат. Тагыраак айтканда, алар 100 миллион киловатт-саат колдонору айтылып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.