Ош: Темир вагондо жашаган эне бала (видео)

1541

Жашоо шарты өтө оор болсо дагы, мамлекеттен жөлөк пул ала албаган эне бала. Ош шаарында 50дөгү аял 14 жаштагы уулу менен 20 жылдан бери вагондо күн кечирип келет. 2 жыл мурда Кыздаркан Садыкова автокырсыкка кабылып, оорукчан болуп, ишке жарабай калган. Ошондон бери, аны 7-класста окуган уулу багат. Үй-бүлө мамлекеттен эч кандай жардам албайт. Анткени тиешелүү документтери жок. Учурда эне-бала кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап кайрылууда. Жашаган темир вагондун ичи суук, кийим-кече, тамак-аш дагы тартыш.