Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору макамына ээ болот (видео)

2072

“Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деген ардактуу макам 2019- жылы Нооруз майрамында Түштүк борборго ыйгарылганы расмий жарыяланат. Мындан кийин бир жыл бою маданий-массалык иш-чаралар уюштурулуп, андан соң эстафетаны кийинки калаага татыктуу өткөрүп берүү милдети турат. Алгачкы иш-чаралар Оштун сыймыгы болгон Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый археологиялык музей-комплексинде башталат.

Ал арада, 3 миң жылдык тарыхы бар байыркы Ош шаары мындай сыймыктуу вазийпага даярбы деген суроо жаралууда. Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер жана калаа тургундары бир топ кемчиликтерди белгилешүүдө. Жергиликтүү бийлик болсо, ардактуу макамга татыктуу болуу үчүн тиешелүү иш-чараларды күчөткөнүн кабарлады.