Ош: ветеринардык дарт аныктоо борборуна кайрылгандар аз (видео)

866

Убагында 120 миллион рублдик аппараттар менен жабдылган Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору бир жылдан бери иштебей турат. Буга кардарлардын жоктугу себеп болуп жатыптыр. Мекеменин карамагындагы 6 лабораториянын аппараттары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан берилген. Ал эми экспертиза борборунун администрациясы мекеме иштебей турат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтышууда. Алар болгону кардарларга маалымат жетпей жатканын билдиришүүдө. 55 адис иштеген борбордун абалы кандай?