Ош: ымыркайды көчөгө таштап кеткен күкүк эне изделүүдө (видео)

924

Ош шаарында жаңы эле төрөлгөн наристесин көчөгө таштап кеткен күкүк эне табыла элек. Издөө иштери уланууда. Учурда калаадагы каттоодо турган кош бойлуу келиндер текшерилип жатат. Эскерте кетсек, мурдагы түнү Оштогу Амир-Тимур кичи шаарчасында бала бакчанын жанынан төрөлгөнүнө 2 саат эле болгон ымыркай кыз табылган. Наристенин ыйлаганын көчөдө өтүп бараткан 5-класстын окуучусу байкабаганда, окуя кайгылуу аякташы мүмкүн эле. Учурда ымыркай Ош областтык төрөт үйүндө. Саламаттыгы жакшырып калган. 5 күндөн кийин балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.