Ошто 100гө жакын соодагер жумушсуз калдыбы? (видео)

641

Ош шаарын көрктөндүрүүдө ишкерлер зыян тартууда. Жүзгө жакын соодагер жумушсуз калды. Бүгүнтөн тарта Батыш кичи районундагы соода күркөлөрү бузула баштады. Башкы план боюнча бул жакка аллея салынат.

Бирок 25 жылдан бери ушул жерде соода кылып жаткандар үчүн жаңы орун берилген жок дейт ишкерлер. Мындан улам, мэриянын өкүлдөрү менен сатуучулар ортосунда нааразычылыктар чыкты.