Ошто 12-жаштагы бала каза болгон аттракцион жабылган жок

829

Ош областынын Өзгөн шаарынын жергиликтүү тургундары 12-жашар бала набыт болгон аттракциондордун ишин убактылуу токтотуу талабын коюушууда. Өткөн аптанын соңунда аталган аймактын Саракси кварталында жайгашкан бул паркта мектеп окуучусу селкинчектен кулап түшүп, алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканына карабастан, оюн-зоок тилкесинин ишмердүүлүгү токтотулган эмес.

Маалыматтарга караганда, аттракциондор орнотулган жер боюнча да «Мамлекеттик документтерди жасалмалоо» беренесинин негизинде соттук териштирүүлөр жүрүп жатыптыр. Себеби ал тилке шаар администрациясына тиешелүү болуп жана аны жеке ишкер алып, иштетип жүргөн. Жеке тарап болсо, тиешелүү документтердин бары мыйзамдуу жолдор менен алынганын айтууда.

Ал эми баланын кулап түшүп каза табуусун коопсуздуктун сакталбаганынан эмес, кырсык деп билдирүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.