Ошто 2010-жылдагы июнь окуясынан каза болгондор эскерилди (видео)

691

Ош окуясына 9 жыл болду. 2010-жылы 10-июнга караган түнү чагымчылдардын аракеттери ишке ашып, кылымдар бою бирге түтүн булатып келген тургундар кагылышкан. Кырдаал өтө тездикте чыңалып, куралдуу чыр-чатакта 400дөн ашык адамдын өмүрү кыйылып, миңден ашык имарат өрттөлгөн.

Июнь коогасында шейит кеткендердин элесине арналып тургузулган “Энелердин көз жашы” мемориалынын алдында куран окулду. Жергиликтүү аткаминерлердин айтымында, 9 жыл мурда коога болгон аймактар толук калыбына келтирилип, 80 улуттун өкүлдөрү ынтымакта күн кечиришүүдө.