Ошто 29-октябрда көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат

1059

Федерациядан кабарлашкандай, өлкө биринчилиги көп жылдан бери уюштурулбай калган. Бул жолку чемпионатта Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл областары жана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда беттешет.

Мелдештер Оштун «Төлөйкөн» ат майданында болуп, 3-ноябрга чейин созулат. Байге фондусу 2 миллион сомду түзүп, жеңип чыккан командага 500 миң сом берилет.