Ошто 4 күн ичинде 2 ок атуу учуру катталды (видео)

647

Ошто ок атуу фактылары катталды. 4 күн ичинде эле эки учур болуп, бир адам оор жаракаттар менен ооруканада. 10-январда жаштар туулган күн белгилеп, бир жигит асманга бир нече жолу ок атканы тартылган тасма чыкты. Окуя областтык бийлик менен мэриянын жанындагы ресторандын тегерегинде болгон.

Ал эми Ноокат районунун тургунун 3 киши ээн талаага алып чыгып, арматура менен сабап, бутка атып кетишкен. Учурда анын абалы оор. Кылмыштын изи сууй электе 22-23 жаштардагы балдар кармалды. Алардын жанынан ИЖ-17 үлгүсүндөгү мылтык табылган.