Ошто 4 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды

813

Ош шаарында бала бакчалардын биринде белгисиз адам 4 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылып жатканда колго түштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Тартип сакчылардын айтымында, 20 жаштагы адам бала бакчанын ичине жашыруун кирип барып, ал жакта жалгыз ойноп жаткан кызды зордуктоого аракет жасаган. Кылмышка шектүү дароо кармалып, камакка алынды. Учурда окуянын чоо жайы териштирилип жатат.