Ошто администартивдик ресурс колдонуу аракети күч алды (видео)

1002

Ош шаарында администартивдик ресурс колдонуу аракети күч алды. НТС телеканалынын редакциясына президенттикке талапкерлердин биринин штабынан алынган жашыруун тизме келип түштү. Анда шайлоо тилкелеринде №2-форма менен добуш бере тургандардын саны жана ар бир добушканага бекитилген кызмат адамдарынын аты-жөнү жазылган. Адистердин айтымында, бул амал канча добуш алуу мүмкүн экенин алдын-ала билүү жана мамлекеттик кызматкерлерди бийлик талапкерине добуш берүүгө мажбурлоо аракети болушу мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү бул маалыматты тыкыр текшере турган болушту.