Ошто айдоочу Токтогул паркына унаасы менен кирип, тепкичтерди сындырып кетти

1115

Ош шаарындагы Токтогул паркына унаасы менен кирип кетип, тепкичтерди сындырып кеткен айдоочу кармалды. Тартип сакчыларынын айтымында, ал Оштогу окуу жайларынын биринде окуган 21 жаштагы студент болуп чыкты.

Студент өз сөзүндө окуусунан тышкаркы убакта такси айдап акча таап жүргөнүн жана дүйшөмбү күнү жүргүнчүлөрдү ташып баратып туура эмес жерден бурулуп алганын айткан. Учурда ал тепкичтерге келтирилген зыянды толугу менен төлөп берүү милдетин алган.

Эске салсак, Токтогул гүлбагына жаңы курулган тепкичтер аркылуу унаасын айдаган адам парктагы видеокөзөмөл камераларга түшүп калган. Тасма соцтармактарга жарыяланып, ал коомчулукту нааразы кылган. Калаа жетекчилиги ээнбаштык кылган адам изделип жатканын билдирген болчу.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы Токтогул паркы былтыртан бери оңдолуп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.