Ошто айдоочу унаасы менен адамды сүзүп өлтүрүп, качып кеткен

793

29-март күнү Ош областынын Кара-Суу районунда бир адамды өлтүрө сүзүп, качып кетип, изделип жаткан айдоочу кармалды. Маалыматтарга караганда, шектүү Кара-Суу районунун Катта-Талдык 52 жаштагы айылынын тургуну.

Ага карата «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «жардам көрсөтпөй коюу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, бир апта мурда Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылынын 60-жаштагы тургунун унаа сүзүп, ал алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Айдоочу жардам көрсөтпөй, качып кеткени маалым болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.