Ошто айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кезек күткөндөрдүн саны өсүүдө (видео)

1149

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Ош шаардык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн кезек күткөн адамдардын саны өсүүдө. Анда топтолгон жарандардын айрымдары 12 күндөн бери документин ала албай жатканын айтып нааразы. Кээ бирлери чет өлкөгө кете албай, авиабилеттери күйүп кеткенин айтышууда.

Ал эми мекеменин жетекчилери алар учурда жаңы программа менен иштей баштап, ал менен ар бир кардарды тейлөөгө 50 мүнөткө чейин убакыт кетип жатканын билдиришүүдө. Буга чейин бир күндө 50 күбөлүк бергенге үлгүрүшсө, азыр 10-15 гана күбөлүк берип жатышыптыр.