Ошто аймактык “Ала-Тоо” КВН лигасынын финалдык оюндары өттү (видео)

762

Шайырлар жана тапкычтар! Аймактык “Ала-Тоо” КВН лигасынын Ош филиалы Түштүк борбордо финалдык оюндарды өткөрдү. Сахнадагы таймашта 4 команда күч сынашты. Бул командалар буга чейин “Ала-Тоо” лигасынын Оштогу филиалы өткөргөн төрт турдан турган оюнда алдыга озуп чыккандар. Бул жолу тамашакөй жаштар экономика, саясат, жаз жана сүйүү темасында сатираларды аткарып, элдин купулуна толуп, чыныгы күлкү майрамын тартуулашты. Жыйынтыгында «Ош-НК» курама командасы утуп чыгып, алтын медалга татыды. Эми бул команда Бишкекте өтө турган республикалык мелдешке катышмакчы.