Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө подиум-көпүрө курулду (видео)

918

Ош шаарында Борбор Азия өлкөлөрүндө жок өзгөчө объект пайда болду. Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган подиум-көпүрө ачылып, ишке берилди. Бул жайкы сахнада эми маданий эс алуучу иш-чаралар өткөрүлүп турат. Курулушка бюджеттен 16,5 миллион сом сарпталган. Сахнанын узундугу 60, туурасы 40 метрди түзөт. Көргөзмө аянтчанын уникалдуулугу, ал дарыянын үстүнө салынган. Бекем болушу үчүн курулушуна бетон менен арматура адаттагыдан көп колдонулду, дейт конструкциянын авторлору.