Ошто Апасы мас кызынын колунан ажал тапты (видео)

976

Ош шаарында 39 жаштагы аял өз энесин өлтүрдү деген шек менен кармалды. Мас болгон кызы апасы менен сөз талашып, чырдаша кетип аны бычак менен курсагына сайып жиберген. 61 жаштагы энеси ооруканада көз жумган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан шектүүгө карата «Адамдын денесине оор зала келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө берене дагы өзгөрүп, адам өлтүрүү айыбы коюлушу мүмкүн.