Ошто атайын операция учурунда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

2285

Ош шаарында атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун дагы 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Ош шаарындагы «Изюм» ресторанынын тушунда «Мерседес-Бенц» унаасы менен бара жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

«Алар бейбаштыкка шектүү катары кармалышты. Кармалгандардын бешөө тең Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Төртөө Ош облусунун, бирөө Ош шаарынын аймагында туруктуу жашайт, — деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.

Учурда «бейбаштык» боюнча сотко чейинки иш ачылып, ыкчам иликтөө иштери башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн канчалык деңгээлде кылмышка тиешеси бар же жоктугу аныкталат. Ачылган сотко чейинки өндүрүш боюнча кеңири маалымат кийинчерээк берилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.