Ошто белгисиз бирөөлөр бир адамды өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

826

Ош шаарында түндө бир үй-бүлөгө кол салуу болуп, ээсин өлтүрүлүп, турак жайын өрттөп кетишти. Ал эми аялы оор абалда реанимацияда. Түндө тартип сакчыларына түштүк калаада үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бир адамдын сөөгүн табышкан. Ал 61 жаштагы Өктам Абдикадыров аттуу жаран болуп чыкты. Анын денесиндеги көк алалардан улам, ур токмоктон каза тапканы айтылууда.

Жубайынын көрсөтмөсүндө, түндө 01:30да үйүнө бир нече адам кирип келген. Алар электр жарыгын өчүрүп, акча талап кыла баштаган. Аял-күйөөсүн катуу сабап, андан кийин кылмышкерлер турак жайга өрт коюп кетишкен. Үй ээсинин өмүрүн сактоого мүмкүн болгон эмес. Учурда адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделүүдө.