Ошто бир адамды өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти (видео)

838

Ош шаарында түндө бир үй-бүлөгө кол салуу болуп, ээсин өлтүрүп, турак жайын өрттөп кетишти. Ал эми аялы оор абалда реанимацияда. 61 жаштагы Өктам Абдикадыровду көкүрөккө сайып өлтүрүп, андан соң аялын ур токмокко алышкан. Ал эс учун жоготуп жатып калганда, турак жайга өрт коюп, качып кетишкен. Жубайынын көрсөтмөсүнө караганда, түндө саат 01:30да үйүнө бир нече адам кирип келген. Алар электр жарыгын өчүрүп, акча талап кылышып, бирок үй кожоюну каражат берүүдөн баш тартканда кылмышкерлер алардын көзүн тазалаганга аракет кылышкан. Бул фактыга байланыштуу «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.