Ошто бир кишини өлтүрүүгө тиешеси бар деп кошунасы колго түштү

708

Ош шаарында үй ээсин өлтүрүп, турак жайын өрттөөгө тиешеси бар деп 25 жаштагы кошунасы колго түштү. Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү кылмыш жасаганын моюнга алып, максаты үйдү тоноо болгонун айткан. Бирок изин жашыруу үчүн тамды өрттөп кетүүнү чечиптир.

26-декабрга караган түнү Ош шаарында бир үй-бүлөгө кол салуу болуп, кожоюну өлтүрүлүп, аялы оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми турак жайы күйүп кеткен. Кылмышты бир нече адам жасаганы тууралуу көрсөтмөлөр берилген. Учурда шектүүнүн шериктери изделүүдө.