Ошто чет элдиктерди тоноп жүргөн деп шектелип милиция кызматкерлери кармалды

907

Ош шаарында чет элдиктерди тоноп жүргөн деп шектелип эки милиция кызматкери кармалды. Алар Ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунда иштеп келишкен.

Маалыматтарга караганда, шектүүлөр 1-октябрда кечки 19.00дөр чамасында Ош шаарынын Уркуя Салиева көчөсүндө Индиянын 18 жаштагы жаранынын жанындагы 3000 сомун тартып алып из жашырышкан.

Ошондой эле, 11-октябрда кечки саат 21.00дөрдө Ош шаарында банкоматтан акча алып жаткан Индиянын 25 жаштагы жаранынын 100 доллар жана 2000 сом акчасын тартып алышкан. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө эки тартип сакчысы кармалды.

Белгилей кетсек, жакында эле Ош шаарында Индиядан келген дагы бир студент 7 миң долларын алдырып жибергенин айтып, арызданган. Бул окуяга милиция кызматкерлеринин тиешеси барбы, азырынча белгисиз.