Ошто эки унаа бетме-бет кагышып, аялы жана күйөөсү каза тапты

964

Ош областынын Ноокат-Папан автожолунда катталган жол кырсыгында аялы менен күйөөсү мурт кетип, 8 киши ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилишти.

Маалыматтарга караганда, кырсык Куу-Майдан айылына жакын жерде болгон. Анда «Мерседес-Бенц Гелендваген» унаасы менен «ВАЗ 2106» автоунаасы бетме-бет кагышкан. Анын кесепетинен «ВАЗ 2106» унаасында бара жаткан күйөөсү менен аялы өтө оор жаракаттардан улам, кырсык болгон жерде каза табышкан. Калган жабырлануучулардын абалы оор деп бааланып жатыптыр.

Маалыматтарга караганда, «Гелендвагендеги» жаш балдар жайлоодон эс алуудан келе жатышкан жана айрымдары мас абалында болгон. Ал эми каза тапкан үй-бүлө Көк-Бел айылындагы туугандарыныкынан кайтып келе жатышкан. Учурда бул кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.