Ошто эттин баасы эмнеге кымбаттап жатат? (видео)

2614

Ошто эттин өтө кымбаттап кеткени шаар жетекчилигинин деңгээлинде талкууланып, атайын эксперимент жасоо сунушталды. Кечээ жакында түштүк борбордун мэри эттин баасы өтө эле жогорулап кеткенин белгилеген. Бул азыктын наркын төмөндөтүү зарылдыгын айтып, эттин чыныгы наркын аныктап чыгуу тапшырмасын берди. Ал үчүн шаардык бюджеттен 50 миң сом бөлүнө турган болду. Бул каражатка бир бодо мал сатып алып, анын этин сатыкка чыгарылмакчы. Ал эми Оштун базарларындагы эт сатуучулар болсо, союшка сатылып алынган малдын баасы жогору болуп жатканын айтып даттанышууда. Ош аймагында эттин чыныгы баасы канча?