Ошто ичеги карындарды Кытайга экспорттогон цех табылды (видео)

1194

Ош шаарында ичеги карындарды тазалап, Кытайга экспорттоп жүргөн жашыруун цех табылды. Аны аныктоого жергиликтүү тургундар чоң салым кошту. Черемушка кичи районунун жашоочулары акыркы убакта канализация түтүктөрүнө ичеги карын, малдын майы толуп калып, суу өтпөй кыйналып келишкен. Аны тазалаганы келген адистер изилдей келгенде, түнкүсүн гана тымызын иштетилген цехти табышкан. Ал жакта малдын ичегилери тазаланып, товар Кытайга жөнөтүлүп турчу экен. Цех жабылып, кожоюнуна 100 миң сом айып пул салынды.