Ошто келини кайненесинин башын кесип салды (видео)

1401

Ош шаарында башсыз денеси таштандыдан табылган аялды өлтүрдү, деген шек менен маркумдун келини кармалды. Ош шаардык милициясы бул кылмышка тиешеси бар деп кылмышка шектүүнүн эжесин дагы камакка алды. Маалыматтарга караганда, келин менен кайнененин ортосунда чыр чыгып, келин кайненесин башка таш менен уруп өлтүргөн. Эске салсак, 27-август күнү таңында Ош шаарындагы таштанды салуучу контейнерлердин биринен 40-50 жаштардагы аялдын башы кесилген денеси табылган. Белгилүү болгондой, кылмышкерлер өлтүрүлгөн аялдын буттарын да кесүүгө аракет кылышканы аныкталган. 2 күн катары менен Ош милициясы маркумдун өздүгүн тактоо жана кылмышкерлерди кармоо аракетинде тургундарга жардам сурап кайрылган болчу.