Ошто көпүрө үстүндөгү жайкы сахна талкалана баштады (видео)

1400

Ош шаарында мэрия курдурган көпүрө үстүндөгү жайкы сахна талкалана баштады. Эскерте кетсек, түштүк борбордогу подиум 1,5 ай мурда эле курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген. Бирок жергиликтүү тургундар бул объектте эмитен эле бир топ мүчүлүштүктөр пайда болгонун билдирип чыгышты. Мындан улам алар жаңы курулган подиумга кеткен 16 миллион сом боюнча маалымат берүүнү мэриядан талап кылаарын жана бул курулуш иштеринин сапатын тиешелүү мекемелер текшериши керек деген талап коюшууда. Ош шаардык мэриясы болсо, жайкы сахнанын сапатында кынтык жок деп эсептейт.