Ошто көзү азиздер арасында Куран боюнча сынак өттү

770

Ош шаарынын борбордук мечитинде көзү азиздер арасында Куран боюнча жарыш болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак Куран окуу (колдун жардамы менен), жазуу жана жатка окуу боюнча болгон.

«Сынакка 20га жакын талапкер катталып, жогорудагы 3 сынак боюнча 6 бала катышты. Атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана мактоо баракчасы тапшырылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.