Ошто КСДПнын талапкеринин үгүтчүлөрү добуш үчүн акча сунушташты

835

Ош шаарынын тургундары КСДПнын талапкеринин үгүтчүлөрү добуш сатып алуу үчүн акча таратып жүргөнүн камерага тартып алышып, ал боюнча тиешелүү мекемелерге арызданышты.

Журналист Шохрух Саиповдун үйүнө үгүтчүлөр келишип, ал аларды телефонго тартып алган. Үгүт кылып келгендер аны 1 миң сом алып, ал үчүн тиешелүү отчетко кол коюп, анан КСДПнын талапкерине добуш берип коюсун айтышкан.