Ошто кыздар арасында мушташ чыгып, 3 кыз бычакталган

1307

Ошто 3 кызды бычактады делген 20 жаштагы кыз 48 саатка убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Ал эми бычакталган эки кызга операция жасалып, үчүнчүсүнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мушташка катышкан кыздардын баары суракка алынып, учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Кыздардын катышуусундагы чыр-чатак Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Ага чейин 8 кыз туулган күн белгилеп, кийин алардын биринин тынчын алган башка кыздын үйүнө келишип, ал колуна шише жана бычак кармап чыгып, ошол жерде мушташ чыккан. Натыйжада 3 кыз бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.