Ошто майыптар арасында спорттук мелдеш өттү (видео)

1210

Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болсо дагы, эрки чексиз адамдар! Ош областында майыптар арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Анын катышуучулары: кол күрөш, шахмат, шашки жана башка оюндардын бир нече түрү боюнча күч сынашты. Турнирге Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынан 80ге жакын адам катышты. Уюштуруучулардын айтымында, спорттук иш-чаранын негизги максаты — ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дал ушундай жол менен коомго аралашуусуна көмөктөшүү. Мындай ыкма мелдештин катышуучуларынына дагы жагып, бул күч сынашуу аларды шыктандырганын билдиришти.