Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кортеж менен чыгууга тыюу салынды (видео)

1653

Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө акыркы коңгуроону майрамдоодо автокортеж менен чыгууга тыюу салынды. Бул боюнча бүгүнтөн тарта окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Ош шаардык жана областтык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы кымбат унааларды ижаралаган окуучуларга гана эмес, машина ээлерине да эскертүү беришүүдө. Талапка баш ийбегендерге — административдик чара көрүлөт. Эске салсак, былтыр ушундай эле ижарага алынган кымбат баалуу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Анда Оштогу мектеп бүтүрүүчүлөрү ижарага жолтандабас машине алып, сайраңдап жүргөндө аварияга кабылышкан. Ал кырсыкта 3 бүтүрүүчү жабыркап, ооруканага түшкөн.