Ошто менчикке берилген жер тилкелери боюнча кылмыш иши козголду

859

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жер тилкелеринен жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Былтыр декабрь айында Ош шаарынын мэриясы Ак-Буура дарыясынын кайтаруудагы аймагында жайгашкан 1300 чарчы метр жерди менчикке жана 1900 чарчы метрди ижарага берүү тууралуу токтом чыгарган. Ал документтин негизинде, Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгы жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт жана күбөлүк жазып берген.

Ал эми Жер кодексинде «Суу фондунун жерлери жеке жактарга убактылуу пайдаланууга гана берилиши мумкун» деп көрсөтүлгөн. Мындан улам, прокуратура жооптуу кызматкерлерге карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «кызмат абалынан аша чаап пайдаланып жер мыйзамдарын бузуу» жана «кызматтык жасалмачылык» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.