Ошто милиция кызматкери кыз зордуктоого аракет кылды деп шектелүүдө

664

Ош шаарында милиция кызматкери  кыз зордуктоого аракет кылды деп шектелүүдө. Анын үстүнөн 5 күн мурда арыз түшкөн.

Алынган маалыматтар боюнча кылмышка шектелип жаткан адам туристтик милицияда иштейт. Ал эми арыз менен кайрылган 27 жаштагы кыз менен экөө мурдатан тааныш болгону айтылууда. Милиционер арызды ал өч алуу максатында жазганын билдирип келет.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Учурда зордуктоого шектелип жаткан 32 жаштагы тартип сакчы жумушун улантууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.