Ошто мурдагы министр Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

3178

Ош шаарында мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Иш-чара ал өзү бир топ жыл жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында өттү.

Исаков менен коштошууга баргандардын арасында Жогорку Кеңештин жана Ош шаардык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мугалимдер жана жакындары бар.

51 жаштагы Каныбек Исаков кечээ күнү Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Маалыматтарга караганда, мурдагы министр коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.  Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ноокатта жерге берилет.

НТС телеканалынын жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.