Ошто мыйзамсыз курулган май куюучу жайлардын иши токтотулат (видео)

759

Мындан кийин Ош шаарынын ичине май куюучу жайларды курууга уруксат бербилбейт. Бул тууралуу буйрук чыгарарын, Ош мэри Таалайбек Сарыбашов калаадагы май куюучу бекеттерди текшерүү учурунда айтты. Ошондой эле, ар бир май куюучу жайдын мыйзамдуулугу текшерилип, талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз курулгандарынын иши токтотула турганы белгиленди.

Эске салсак, 2 күн мурда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонунда жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, андан 3 адам жабыркаган. Анын экөө учурда ооруканада жатат.