Ошто өспүрүмдүн өлүмүнө атасы шектелүүдө (видео)

658

Ош шаарында 6-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү катары өз атасы камакка алынды. Бала үйүнөн каза болгон. Чакыруу менен келген тез жардам кызматы өспүрүмдүн денесинен көк ала тактарды көрүп, милицияга кабарлаган. Бул үй-бүлөнү жакшы билгендер бала атасынан көп зомбулук көрүп келгенин айтышкан. Мындан улам, атасы шектүү катары кармалган. Ал арада каза болгон баланын үй-бүлөсү маалымат жыйын өткөрүп, атасы жалган көрсөтмө менен камакка алынганын айтышты. Алардын билдирүүсүндө, тартип сакчылары маркумдун 13 жаштагы бир тууган эжесин коркутуп, өздөрү каалагандай көрсөтмө жаздырып алышкан. Ал эми бала мектептен катуу сабалып келип, кечинде үйдөн жан бергени айтылууда.