Ошто өзүн блогермин деп атаган жаран опузалоого шектелип камалды

710

Ош шаарында блогер Бауржан Кадырбеков опузалоого шектелип камалды. Өзүн жарандык активист жана блогер катары тааныштырган жигит Өзгөн райондук сотунун чечими менен 1 айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Тартип сакчылардын айтымында, Бауржан Кадырбеков бир нече дүкөндө мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр боюнча видео тартып, өзүнүн youtube каналы аркылуу жайылтып турган.

Соодагерлердин билдирүүсүндө, алар блогерден видеодо айтылгандарды төгүндөөнү суранып кайрылганда, Бауржан Кадырбеков ишкерлерден 10 миңден 20 миң сомго чейин акча талап кылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.